Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү үчүн энергетиктерди даярдоо борборун түзөтОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүүнүн көлөмүн өзгөртүү боюнча макулдаштыБишкектеги Азия чемпионаты: Кыргызстандын төрт балбаны жарым финалга чыкты2026-жылдын январында Кыргызстандан нан жана нан азыктарынын экспорту 17%га өстүАкысыз кино көрсөтүүлөр: Бишкекте Франкофондук тасмалар фестивалы башталатНовопавловкада 3 млн сомдук акциздик маркасы жок мотор майлары табылды
«Кыргызсериал» тик форматтагы сериалдар сынагын жарыялады
06.04.2026 | 12:54

«Кыргызсериал» мамлекеттик мекемеси кыргыз тилиндеги санариптик видеоконтентти өнүктүрүү жана чыгармачыл жаштарды колдоо максатында тик форматтагы сериалдарды тартуу боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Сынактын шарттары:
- Сериалдар тик форматта (9:16) тартылышы керек;
- Бир сериянын узактыгы 2 мүнөттөн 5 мүнөткө чейин;
- Сериалдардын жалпы саны 30 сериядан кем болбошу зарыл;
- Сериалдар кыргыз тилинде болушу керек;
- Идеясы оригиналдуу жана актуалдуу болууга тийиш.
Сынакка маданий жана социалдык мааниге ээ долбоорлор кабыл алынат. Алар китепкана, театр жана музейлерге кызыгууну арттырууга, улуттук тилди сактоого жана жайылтууга, ошондой эле салт-санаа менен улуттук майрамдардын маанисин чагылдырууга багытталышы керек.
Талап кылынган материалдар:
- Долбоордун синопсиси жана каармандардын сүрөттөлүшү;
- Пилоттук сериянын сценарийи же сценарийдик сунуш;
- Визуалдык концепция (бар болсо);
- Авторлор тууралуу маалымат.
Сынакка юридикалык жактар (жеке студиялар) катыша алат. Ар бир катышуучу бир гана долбоор сунуштай алат. Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 30-апрели саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият