Манаста жаштар форумунун 100дөн ашуун катышуучусу чогулат
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, Манас шаарында аймактын 100дөн ашуун жаш лидерлеринин катышуусунда “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад” жаштар форуму өтөт.
Маалыматка ылайык, форумдун негизги максаты — жаш лидерлерди бириктирүү, алардын демилгелерин колдоо жана билим берүү, спорт, ишкерлик, ошондой эле жарандык активдүүлүк тармактарында өнүгүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
Манаска Жалал-Абад облусунун бардык райондорунан жана шаарларынан 100дөн ашуун жаштар өкүлдөрү чогулары күтүлүүдө. Катышуучуларга тажрыйба алмашуу жана жаңы идеяларды талкуулоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Форумдун алкагында төмөнкү иш-чараларды өткөрүү пландалган:
• жаш мугалимдер үчүн билим берүү форуму;
• жаш ишкерлер үчүн бизнес-форум жана стартаптарды талкуулоо;
• мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүү (профориентациялык) иш-чарасы;
• студенттер арасындагы футбол турнири;
• мектеп окуучулары (кыздар) арасындагы волейбол мелдештери;
• “Акылман ордо” интеллектуалдык оюну.