Адылбек Касымалиев АКШнын Стэнфорд университетине тапшырган Амиртай Бексултановду куттуктады

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев АКШнын абройлуу Стэнфорд университетинин бакалавриат программасы боюнча толук гранттына ээ болгон Амиртай Бексултановду кабыл алды.
Ал Амиртай Бексултановду окууга киргендиги менен куттуктап, бул жетишкендик даярдыктын жана билимге умтулуунун жыйынтыгы экенин белгиледи. Ошондой эле анын ийгилиги өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болорун айтты.
Жолугушууда Касымалиев жаштардын интеллектуалдык потенциалын колдоо мамлекеттик саясаттын багыттарынын бири экенин кошумчалады. Амиртай Бексултановго окуусунда ийгиликтерди каалап, эстеликке белек тапшырды.
Маалымат үчүн: Стэнфорд университети (Stanford University) — Калифорния штатынын Стэнфорд шаарында жайгашкан жеке изилдөө университети. Ал – АКШдагы жана дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу жана рейтинги жогору окуу жайлардын бири, жогорку технологиялар, илим жана ишкердик тармагында таанылган лидер болуп саналат.