Кабулда биринчи «Ооганстан – Борбор Азия» диалогу өттү

07.04.2026 | 14:06

Кабулда биринчи «Ооганстан – Борбор Азия» консультативдик диалогу болуп өттү, ага Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан катышты. Бул тууралуу Ооганстандын ТИМи билдирди. Жолугушуунун башкы максаты — экономиканы, коопсуздукту жана транспортту өнүктүрүү үчүн туруктуу саясий диалог механизмин түзүү.

Ооганстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Амир Хан Муттаки билдиргендей, жолугушуунун негизги максаты аймакта экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, коопсуздукту чыңдоо жана транспорттук байланыштарды кеңейтүү үчүн туруктуу саясий диалог механизмин калыптандыруу болуп саналат.

Анын айтымында, тараптар соода, транзит жана аймактык интеграция чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүүнүн келечегин, ошондой эле дипломатиялык байланыш маселелерин талкуулашты. Амир Хан Муттаки Ооганстан коңшулары менен өнөктөштүк жана өз ара пайдалуулук принциптеринде мамиле курууга ниеттенип жатканын баса белгиледи.

Берилген маалыматтарга ылайык, 2025-жылы Ооганстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү болжол менен 2,7 миллиард долларды түзгөн. Өлкө бийлиги жакынкы 3–4 жылдын ичинде бул көрсөткүчтү 10 миллиард долларга чейин жеткирүүнү көздөп жатат.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар ошондой эле ири инфратүзүмдүк жана энергетикалык долбоорлорду, анын ичинде TAPI газ куурун жана CASA-1000 долбоорун (Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын энергия тутумдарын Ооганстан жана Пакистан менен туташтыруучу трансчек аралык жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү линиясын куруу долбоору) ишке ашырууну карап чыгышты. Транспорттук каттамдарды, анын ичинде «Лазурит коридорун» (Түркия, Грузия, Азербайжан, Түркмөнстан жана Ооганстандын ортосундагы транзиттик долбоор) жана башка аймактык интеграциялык демилгелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Экономикалык күн тартибинен тышкары, коопсуздук жана чек арадагы өз ара аракеттенүү маселелери, анын ичинде трансчек аралык кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы күрөшүү талкууланды.

Ооган тарап диалог форматын туруктуу негизде институционалдаштырууну, үзгүлтүксүз эксперттик жолугушууларды өткөрүүнү жана экология маселелери боюнча, анын ичинде ШКУ алкагындагы демилгелерди жана «Жашыл Борбор Азия» долбоорун (климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы күрөшүүгө жана аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган аймактык демилге) координациялоону өнүктүрүүнү сунуштады.

Scroll to Top