Кыргызстан Анкарада өткөн халал-аккредитация боюнча биринчи Эл аралык конгрессте өз тажрыйбасын тааныштырды
Кыргыз аккредитация борборунун директору Айнура Ахмеджанова 6-апрелден 8-апрелге чейин Анкара шаарында (Түркия) өтүп жаткан халал-аккредитация боюнча 1-Эл аралык конгресске (1st International Halal Accreditation Congress) катышууда. Бул Түркиянын Халал-аккредитация боюнча агенттиги (HAK) тарабынан уюштурулган мындай форматтагы алгачкы иш-чара болуп саналат.
Конгресс окумуштуулар, индустрия жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн глобалдык аянтчага айланды. Негизги максат — халал секторундагы продукцияга болгон ишенимди бекемдөө үчүн бирдиктүү эл аралык стандарттарды жана сертификаттарды өз ара таануу механизмдерин талкуулоо.
Кыргыз Республикасы үчүн халал-инфраструктураны өнүктүрүү жаңы экспорттук горизонтторду ачып, улуттук аккредитация системасынын макамын бекемдейт. Конгресстин программасында сапатты көзөмөлдөөнүн инновациялык ыкмаларын үйрөнүү жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүү каралган.