Бүгүн, 8-апрелде, көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

08.04.2026 | 09:00

Бүгүн, 8-апрелде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын басымдуу бөлүгүндө, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

  • Чүй облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 12…17°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 10…15°C;
  • Ош облусунда ​түнкүсүн 8…13°C, күндүз 14…19°C;
  • Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн 8…13°C, күндүз 14…19°C;
  • Баткен облусунда ​түнкүсүн 8…13°C, күндүз 14…19°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 16…21°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн 1…6°C, күндүз 16…21°C болот;
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 11…13°C, күндүз 15…17°C болот.
Scroll to Top