Айыл чарба министрлигине 63 даана атайын техника тапшырылды

08.04.2026 | 11:39

Бүгүн, 8-апрелде, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 63 даана атайын техниканы өткөрүп берди.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, 40 даана техника республикалык бюджеттин эсебинен 128 млн сомго сатылып алынган. Калган 23 даана техника эл аралык институттардын колдоосу менен берилди. Бул техникалар министрликтин райондук суу чарба башкармалыктарына бөлүштүрүлөт.

Адылбек Касымалиев министрликти жаңы техникалуу болушу менен куттуктап, өлкө жетекчилиги ирригацияга өзгөчө көңүл буруп, мамлекеттик колдоону ар тараптан жогорулатып келе жатканын белгиледи. Ошондой эле 2021–2025-жылдар аралыгында бюджеттен суу ресурстары тармагына 21,4 млрд сом бөлүнгөнүн билдирди. Анын айтымында, акыркы беш жылда жалпы 270 жаңы техника алынган.

Мындан тышкары Айыл чарба министрлиги алдыда жасала турган иштер тууралуу маалымат берди. Алар:

  • Баткендеги 4200 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылуучу “Алга Кадам” долбоорунун негизги иштерин бүткөрүү (2027-жылы толук ишке берилет);
  • 2026-жылы 5 270 гектар жерге тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын орнотуу;
  • Президенттин тапшырмасы менен 2030-жылга чейин 200 миң гектар жерге тамчылатып сугаруу тутумун киргизүү.
Scroll to Top