Росатом Кыргызстандагы уран казып алуу объекттерин рекультивациялоону аяктады
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев башкы директордун орун басары — эл аралык ишмердүүлүк блогунун директору Николай Спасский баштаган «Росатомдун» делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө негизги көңүл уран казып алуудан жапа чеккен аймактарды рекультивациялоо боюнча мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруунун жыйынтыктарына бурулду.
«Росатомдун» өкүлдөрү программа 2025-жылы ийгиликтүү аяктаганын билдирип, Кыргызстандагы уран калдыктары сакталган (уран мурастары) объекттерди жоюуда олуттуу жылыштар болгонун белгилешти.

Кыргыз тарап биргелешкен иштин натыйжалуулугун жана анын өлкөнүн экологиялык жана радиациялык коопсуздугу үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ошондой эле катышуучулар эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. ӨКМ башчысы колдоо көрсөткөндүгү үчүн «Росатомго» ыраазычылык билдирип, бул тармактагы узак мөөнөттүү кызматташтыкты белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да улантууга жана кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.