Бүгүн, 9-апрелде, көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жаайт

09.04.2026 | 09:00

Бүгүн, 9-апрелде, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Тоолуу жолдордо тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин күчөшү мүмкүн.

Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

  • Чүй облусунда түнкүсүн 5…10°C, күндүз 11…16°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 11…16°C;
  • Ош облусунда ​түнкүсүн 7…12°C, күндүз 15…20°C;
  • Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн 7…12°C, күндүз 15…20°C;
  • Баткен облусунда ​түнкүсүн 6…11°C, күндүз 14…19°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8°C, күндүз 15…20°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн 2…7°C, күндүз 13…18°C болот;
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 8…10°C, күндүз 14…16°C болот.
Scroll to Top