«Кыргызалтын» 2025-жылы 18,7 млрд сом таза киреше тапкан. Өкмөт башчы ишкананын иши менен таанышты

09.04.2026 | 13:08

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун таза пайдасы 18,7 млрд сомду, ал эми жалпы кирешеси 20,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аталган ишканын ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда маалымдалды.

Өкмөт башчы алгач ишкананын алтын куймаларын сатуу боюнча фирмалык дүкөнүнө жана кырдаалдык борборуна барып, иши менен таанышкан. Маалыматка ылайык, ишкананын алтын куймаларын сатуу боюнча фирмалык дүкөнүнүн жылдык кирешеси 855 млн сомдон ашкан. 2024-жылдын август айында ишке киргизилген чендик алтын куймаларын чыгаруучу заводго жумшалган 320 млн сом инвестиция бир жылга жетпеген убакытта толугу менен акталган.

Андан кийин Касымалиев ишкананын жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынга катышкан. Отурумда компаниянын 2025-жылдагы негизги көрсөткүчтөрү, башкаруу реформаларынын жыйынтыктары жана уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар угулган.

Учурда «Кыргызалтын» ААКтын түзүмүнө 2 филиал, 13 туунду компания жана 4 биргелешкен ишкана кирет. Компания жакынкы үч жылда жалпы наркы 1 млрд доллардан ашкан бир катар долбоорлорду, анын ичинде «Үңкүр-Таш», «Тоголок», «Чакуш», «Талдыбулак» жана «Андаш» кендерин өздөштүрүүнү пландаштырууда. Ошондой эле «Кумтөр» кенинин калдыктарын кайра иштетүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өкмөт башчы өз сөзүндө тоо кен тармагы 2025-жылы бюджетке 65,4 млрд сом киреше алып келгенин белгилеген. Анын ичинде «Кумтөр» кенинин үлүшү февраль айындагы ИДПнын 22,6%ын түзгөн.

Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев тоо кен тармагындагы окуу жайлар менен кызматташууну күчөтүүнү жана инженердик адистиктерге жергиликтүү калктын өкүлдөрүн даярдоону тапшырган.

Scroll to Top