Кумтөрдүн отчету эл аралык аудит тарабынан тастыкталды

09.04.2026 | 16:49

Көз карандысыз эл аралык аудитор Ernst & Young «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын 2025-жылга карата финансылык отчеттуулугунун аудитин аяктады.

Аудит Эл аралык аудит стандарттарына ылайык, көз карандысыздык жана кесипкөйлүк принциптерин сактоо менен жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында компаниянын финансылык отчеттуулугу бардык маанилүү аспектилер боюнча 2025-жылдын 31-декабрына карата анын финансылык абалын, ошондой эле отчеттук мезгилдеги финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык так чагылдырганы аныкталды.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча компаниянын кирешеси 1 млрд 434 млн АКШ долларын түздү. Таза пайдасы 706 млн АКШ долларына жетти.

Салыктар жана милдеттүү төлөмдөр 246 млн 507 миң АКШ долларын түздү. Дивиденддер 300 млн АКШ долларын түздү.

2025-жылы Кумтөр кенинде 12 081 кг алтын өндүрүлгөн.

Ernst & Young аудит жана консалтинг тармагындагы дүйнөлүк ири компаниялардын бири болуп саналат жана «чоң төрттүккө» кирет.

Scroll to Top