Кызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылдыТамак-аштагы курттар. Бишкектеги мектепте ызы-чуу чыктыТокмокто дүкөндөрдү тоноп жүргөн жигиттер кармалды10 млрд сомдук империя: «Аю» холдингинин объектилери мамлекетке өттү
Дагы 3 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды
27.04.2020 | 10:50
27-апрелде коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган 25 адамдын үчөө медицина кызматкерлери. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын ичинен Бишкекте 2, Ош шаарында 1 учур катталган.
18-марттан бери жалпы 183 медицина кызматкерине коронавирус илдети жукту.
Ал эми соңку маалыматтарга ылайык Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 695 учур катталды. Ал эми 395 бейтап оорудан сакайып чыкты. 8 адам илдеттен улам каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом