Яндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирдиБишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулуудаКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылуудаГрузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапар менен келди
Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу Кой-Таш боюнча соттук отурум кайрадан жылдырылды
27.04.2020 | 12:47
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу Кой-Таш окуясы боюнча 27-апрелге белгиленген соттук отурум кайрадан жылдырылды.
Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Анын айтымында кийинки соттук отурум 29-апрель күнү саат 10:00гө белгиленген.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 22-апрелде белгисиз себептерден улам соттук отурумга катышуудан баш тартканы үчүн, отурум 27-апрелге жылдырылган эле.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат