Кыргызстанда койдун жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткич сыноодон өттү«Росатомдун» басма сөз кызматынын билдирүүсүТынчтык Шайназаров: Бир шайлоочу бир гана талапкерге добуш бере алатЖапаров: Кыргыз эли Катар жана Палестинанын боордош элдерге тилектештигин билдиретБишкекте айдоочу 5 жаштагы баланы унаанын арты менен сүзгөндөн кийин качып кеткенАдылбек Касымалиев ханзаада Рахим Ага Хан V менен эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады
Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу Кой-Таш боюнча соттук отурум кайрадан жылдырылды
27.04.2020 | 12:47
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу Кой-Таш окуясы боюнча 27-апрелге белгиленген соттук отурум кайрадан жылдырылды.
Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Анын айтымында кийинки соттук отурум 29-апрель күнү саат 10:00гө белгиленген.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 22-апрелде белгисиз себептерден улам соттук отурумга катышуудан баш тартканы үчүн, отурум 27-апрелге жылдырылган эле.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат