Кыргызстанда спутниктик интернет ишке киргизилет. Адылбек Касымалиев Starlink’тин директору менен жолугушту

15.04.2026 | 10:01

АКШнын Вашингтон шаарында Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев SpaceX компаниясынын Starlink тармагы боюнча улук директору Райан Гуднайт менен жолугуп, Кыргызстандын аймагында спутниктик интернетти ишке киргизүү боюнча даярдыктардын жыйынтыгын чыгарды.

Минкабдын маалыматында, азыркы тапта пилоттук долбоорго зарыл болгон бардык уруксаттарды алуу процесси аяктаган. Мамлекеттик органдар тиешелүү ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгышкан. Ал эми Starlink компаниясы талаптарды аткарып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен келишимдерге кол койгон. Жакынкы убакта өлкөдө спутниктик интернет кызматтарын техникалык ишке киргизүү пландалууда.

Жолугушууда тараптар мындай интернет алыскы жана барууга кыйын аймактардын жашоочулары үчүн жогорку ылдамдыктагы байланышка жетүүнү камсыз кыларын белгилешкен. Ошондой эле долбоордо мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка социалдык объектилерди санариптик ресурстарга кошуу каралганын билдиришкен.

Жолугушуу Вашингтондо ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында өттү.

Scroll to Top