Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө миң түп дарак отургузулду

15.04.2026 | 10:40

Ош шаарындагы негизги көчөлөрдүн бири болгон Курманжан Датка көчөсүнө миң түп көчөт отуругузулду. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, көчөгө липа жана рябина дарактары отургузулган. Бул чара көчөнүн экологиялык абалын жакшыртып, абаны тазалоо жана шаарга көрк берүү максатында ишке ашырылган. Иш-чарага мэр Жанарбек Акаев жана шаар тургундары катышкан.

“Мындай демилгелер шаар аймагында жашыл зоналарды көбөйтүүгө, жарандар үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Ош шаарында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери мындан ары да улантылат”,-деп билдирди мэрия.

Эске салсак, буга чейин да аталган көчөгө 300 түп акация дарагы отуругузулган.

Scroll to Top