Адылбек Касымалиев ЖМК өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктадыКыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдөКыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтери берилдиБШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтоттуКыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясын түзүү долбоору башталдыКРде жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыгат
Бишкек менен Эр-Рияд Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты
14.04.2026 | 09:50
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев күн мурун Сауд Арабия Королдугунун ТИМ башчысы ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу кыргыз тышкы саясий мекемесинин басма сөз кызматы билдирет.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кулубаев Жакынкы Чыгышта туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Сауд Арабия элине тилектештигин билдирди.
Тараптар кырдаалдын тез арада басаңдашына, саясий-дипломатиялык диалогдун кайра жанданышына жана аймакта тынчтыкты, туруктуулукту калыбына келтирүүгө багытталган конкреттүү чаралардын кабыл алынышына үмүттөнөрүн билдиришти.