Бишкекте 70 кг жакын синтетикалык баңгизат жасоочу чийки зат менен шектүү кармалды

22.04.2026 | 09:53

Бишкекте прекурсорлорду мыйзамсыз алып кирүү жана жайылтуу каналы аныкталып, 36 жаштагы шектүү кармалды, деп билдиришти шаардык ИИББден (Ички иштер башкы башкармалыгы).

Мекеменин маалыматы боюнча, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери интернет-дүкөн аркылуу сатуу жана синтетикалык баңгизаттарды жасоодо колдонуу үчүн Кытайдан психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз алып келип жүргөн эркек киши тууралуу маалымат алышкан.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тинтүү жана өздүк кароо жүргүзүү учурунда андан прекурсорлор болуп саналган заттар, анын ичинде туз кислотасы жана метилпропиофенон табылып алынган. Алынган заттардын жалпы салмагы 69,9 килограммды түздү.

Тергөө жүрүп жатат.

Scroll to Top