Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Мамлекеттик сыйлыктардын жана наамдардын саны кыскартылды — КР президенти мыйзамга кол койду
22.04.2026 | 12:23
Кыргызстанда мамлекеттик сыйлыктардын жана ардак наамдардын саны 46дан 22ге чейин кыскартылды. Тиешелүү мыйзамга өлкө президенти Садыр Жапаров кол койду.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы тактагандай, «Эрдик» ордени (даражалары жок), «Ардак» медалы, «Кыргыз Республикасынын жаратманы», «Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардак наамдары, ошондой эле кесиптик ардак наамдар (дарыгерлер, мугалимдер, жазуучулар, артисттер, акындар жана сүрөтчүлөр) сакталып калды.
Ошондой эле «Ата Мекен Баатыры» өзгөчө сыйлыгы, «Данакер», «Эрдик» ордендери, «Даңк» медалы, КР Ардак грамотасы жана «эмгек сиңирген» ардак наамы жоюлду.