Кыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташат

Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Түштүк Кореянын LNC Elecom Co. Ltd компаниясы жогорку технологиялар жаатында кызматташат. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана аталган компаниянын башкы директору Ли Су-Янг кол коюшту.
Агенттиктин маалыматында, LNC Elecom Co. Ltd компаниясы кайра жаралуучу энергетика, электромобилдүүлүк, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана коопсуздук системалары жаатында иш алып барат. Компания күн энергиясын өндүрүү жана энергияны сактоо системаларын долбоорлоо, электромобилдер үчүн кубаттоо инфраструктурасын киргизүү, программалык камсыздоону иштеп чыгуу, ошондой эле видеобайкоо жана мониторинг системаларын орнотуу менен алектенет.
Меморандум тараптардын аталган багыттар боюнча кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле инфраструктура жана туруктуу өнүгүү тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт.