Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушат

23.04.2026 | 19:57

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде, Москвада Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Бул тууралуу РФ мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

«Бүгүн Россия-Кыргызстан мамилелери үчүн маанилүү күн. Күндүн экинчи жарымында Россия жана Кыргызстандын президенттеринин жолугушуусу болот. Президент Жапаров Москвада кыска мөөнөттүү жумушчу сапары менен болот. Президенттер өзүнчө баарлашып, аны жумушчу түшкү тамак үстүндө улантышат. Мамлекет башчыларынын толук форматтагы жана узакка созулган баарлашуусун күтүп жатабыз», — деди Песков алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн темаларын ачыктабастан.

Мындан тышкары, Песковдун айтымында, 23-апрель күнү кечинде Путиндин коомчулукка ачык эмес (жабык) мүнөздөгү жолугушуулары да пландалган.

Scroll to Top