Жогорку Кеңеште жасалма интеллектти колдонгон коомдук кабыл алуу бөлүмү иштей баштады

23.04.2026 | 11:57

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде жаңы заманбап коомдук кабыл алуу бөлүмү ишин баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Airun долбоорунун негиздөөчүсү Чыңгыз Арзиев тарабынан түзүлгөн санариптик мүмкүнчүлүктөрдү сынап көргөн алгачкы конокторду ЖК депутаты Марлен Маматалиев кабыл алды.

«Коомдук кабыл алуу бөлүмүндө кайрылууларды жазуу түрүндө гана эмес, оозеки түрүндө да кабыл алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Алсак, жасалма интеллектке негизделген система аудиожазууну текстке айландырат, ага кайрылуу ээси тез арада кол койгондон кийин тиешелүү депутатка жөнөтүлөт. Мындан тышкары, кайрылууларды кабыл алуу жана кароо системасы өркүндөтүлдү. Аны ишке киргизүү кайрылууларды иштеп чыгууну тездетүүгө, тейлөө сапатын жогорулатууга жана коомдук кабыл алуу бөлүмүнүн кызматкерлеринин жумуш жүгүн жеңилдетүүгө шарт түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, парламентке кайрылган жарандар үчүн коомдук кабыл алуу бөлүмүндө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, анын ичинде балалуу энелер үчүн атайын жай да каралган.

«Жаңы коомдук кабыл алуу бөлүмү — бул жөн гана кыргызстандыктарды кабыл алуучу жай эмес, парламент менен элдин ортосунда түз, ачык жана натыйжалуу диалогду камсыз кылган заманбап платформа. Биздин негизги максатыбыз — ар бир жарандын үнүн угуу, көйгөйлөрдү өз убагында чечүү жана тейлөө сапатын жаңы деңгээлге көтөрүү», — деп кошумчалады Маматалиев.

Scroll to Top