Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы 23 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
“Айыккандардын ичинен 15 бейтап Бишкектен, Ош шаарынын 8 бейтап айыгып чыкты”, – деди Үсөнбаев.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 637 болду.