Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 13 бейтап айыкты

08.05.2020 | 10:06

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы 13 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  8-май күнкү брифинг учурунда билдирди.

 “Айыккандардын ичинен 6 бейтап Бишкектен, 6 бейтап Ош шаарынын, 1  бейтап Нарын облусунан айыгып чыкты”, – деди Үсөнбаев.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 650 болду.

Scroll to Top