Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Оренбург-Бишкек боюнча 20-майга чартердик каттам уюштурулду
18.05.2020 | 17:50
Ушул жылдын 20-майында Оренбург-Бишкек маршруту боюнча чартердик каттам уюштуруу маселеси иштелип чыкты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Бул рейс менен кош бойлуу аялдар, кары-картаңдар, жаш балдары бар ата-энелер жана Орусияга дарыланыш үчүн баргандар келет.
Алар Кыргызстанга келгенден кийин белгиленген тартипте бардык медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.
«Чет өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда жүргөн Кыргызстандын жарандарын мекенге алып келүү боюнча иштер туруктуу негизде улантылат», – деп маалымдалды министрликтен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом