Москвадагы мигранттар. Аэропорттогу тартипсиздиктин айынан 23 адам каттоого жетишпей калган

Москвадагы мигранттар. Аэропорттогу тартипсиздиктин айынан 23 адам каттоого жетишпей калган

17-май күнү Москвадан Бишкекке уча турган кыргызстандыктар аэропортто тартип бузуп, жөөлөшүп-түртүшкөнү үчүн мекенине кайта турган 23 адам каттоого жетишпей калган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев “Фейсбук” баракчасына жазды.

“402 адамдын тизмеси “Аэрофлот” компаниясына жөнөтүлгөн. Тизменин негизинде компания аэропорттун кассаларынан билети жокторго 13 миң рублдан 15,5 рублга чейин билет сатышты. Тилеке каршы аэропортто түзүлгөн тартипсиздик, жөөлөшмөй, түртүшмөйдүн айынан саат 07:40тагы каттам 09:11ге жылдырылды.  Ошондо да 23 адам каттоого жетишпей калды. Алардын арасында  оорулуу, жана кош бойлуулар дагы бар. Жаштар тизмеге кириптир калыс эмес каралыптыр деген боюнча айта кетсек , жанагы бир тараптуу видеолордо коргозулгон жаштар боюнча 77 ата-эне жаш балдары менен, 27 ооругандарды коштогондор жана 35 адам мурда учпай калгандар, ошондо 139 адам жаштарга кирип калат экен”, — деп жазган ал.

Алиев кошумчалагандай, мигранттарды мекенине жиберүү үчүн коомдук уюмдардан, элчиликтин кызматкерлеринен турган комиссия түзүлүп иш алып барышкан.

“Комиссияга жардам берип элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн активистерибизге жалпы терең ыраазычылык билдиребиз! Иш болгон жерде сын пикир, кемчиликтер болбой койбойт экен”, — деп жазган ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>