Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ош облустук бириктирилген ооруканасынан 2 бейтап (59, 55 жаштагы эркек кишилер ). Нарын облустук ооруканасында 1 бейтап (84 жаштагы эркек киши).
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 20 адамга жетти.