Ысык-Көлдө Formula 1 H2O боюнча Кыргызстандын Гран-приси аяктап, жеңүүчүлөр аныкталдыДКӨ-2026: «Кыймылдагы мурас» роликтер сериясы сунушталды. ВидеоКыргызстанда калдыктарды кайра иштетүүчү ишканалар колдоого алынуудаБишкектеги клуб ээлерине баңгизаттар үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертилдиЭми дыйкандар министрликтин байланыш борбору аркылуу кеңеш ала алышатӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти
Бишкекте эки унаа кагылышып, айдоочулары ооруканага түштү
26.11.2024 | 13:05
Бишкекте эки жеңил унаа кагылышып, айдоочулар ооруканага түштү. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Жол кырсык бүгүн, 26-ноябрда болжол менен саат 06:00да “Ынтымак Ордо” имаратынын тушунда болгон. 39 жаштагы айдоочу Т.К. “Тойота-Ранекс” унаасы менен Ч. Айтматов проспектисинде түндүктү көздөй баратып, солго бурулганда, түштүктү көздөй бараткан “Хендай-Санта Фе” унаасы экөө кагылышкан. Ал унааны 39 жаштагы Ж.Р. аттуу жаран айдап келе жаткан. Натыйжада эки айдоочу тең жабыркап, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Аталган факт милицияда каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Жол кырсыкка кабылган унаалар айып короого коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом