Бишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөтАдылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктадыКыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдөТоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайыОрусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жетти
Мэрия: Бишкекте автобусту сүзгөн айдоочу ичимдик ичкени аныкталды (видео)
26.11.2024 | 15:37
Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте №23 автобусту сүзгөн “Мерседес-Бенц” унаасынын айдоочусу ичимдик ичкени аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, жол кырсык Б.Алыкулов – Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги айлампа жолдо болгон. Анын айынан 8 адам жабыркаган. Алардын ичинен бешөө автобустун жүргүнчүлөрү, калган үчөө жеңил унаада келе жаткан.
Айдоочулар Наркологиялык текшерүүдөн өткөрүлүп, натыйжада “Мерседес-Бенцти” айдап келе жаткан жаран ичимдик ичкени аныкталган.
Учурда жол кырсыгына кабылган автобус менен жеңил унаа айып короого коюлуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Иликтөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом