Тоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайыОрусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдү
Россиядагы компания кыргызстандык мигранттарга 5,6 млн сом маянасын төлөбөй жүрөт
26.11.2024 | 16:14
Россиядагы «Люкссервис» компаниясы Подольск шаарында иштеген Кыргызстандын жарандарынын эмгек акысын төлөбөй, 5 млн 301,6 миң сом карыз болуп калган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Аталган факт боюнча Россиянын укук коргоо органдары Кылмыш-жаза кодексинин 145.1-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгогон.
Министрликтин Россиядагы өкүлчүлүгү кыргызстандыктардын укуктарын коргоо үчүн полиция бөлүмүндө жолугушуу өткөрүп, анын алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом