Саламаттык сактоо министрлигинин 5 кызматкери COVID-19 вирусун жугузуп алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Бүгүнкү күндө, бейтаптардын абалы туруктуу жана дарылоо курсунан өтүп жатышат. Калган кызматкерлерди коргоо максатында, эпидемияга каршы тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү. 30дан ашык кызматкерлер обсервация шартында иштеп жатышат”, — деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Үсөнбаев.