Канат Исаев «Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп шайланды

Канат Исаев «Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп шайланды

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп Канат Исаев шайланды. Бул тууралуу “Репортерго” аталган фракциядан тастыкташты.

Маалыматка караганда, фракция мүчөлөрү Исаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошкон.

Буга чейин «Кыргызстан» фракциясын жетектеп келген Алмазбек Баатырбеков 9-июнда мандатын тапшырган. Ал мандатын тапшырып жатканын, өзүнөн кийинки адамдын парламентке депутат болуу кезеги келип калгандыгы менен байланыштырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>