Кой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот«Түндүктүн» кызматтарын колдонуу үчүн электрондук кол тамганы кантип алуу керек?Токмокто аял өзүнүн 2 баласын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайыКыргызстандык Nomad тобу «Интервидение-2025» сынагында сахнага 2-болуп чыгат
Орусиядан 437 кыргызстандык кайтып келди
14.06.2020 | 10:10
14-июнда Москва-Бишкек чартердик каттамы менен 437 кыргызстандык кайтып келди, арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
Орусиядан кайткандардын тизмесин атайын комиссия түзгөн. Тизмеге төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы зарыл болгон жарандар кирген.
Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.
Кыргзстандын өкмөтү бардык мекендештерибизди мекенине кайтаруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканы айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом