Сууну үнөмдөө гана жетишсиз — эксперт Булат Есекин Борбордук Азиянын келечеги тууралуу«Тез балык жай балыкты жутат»: МинКабдын мурдагы башчысы Борбордук Азиядагы чакырыктар тууралууКРде жасалма интеллекттин жардамы менен «Барсбек Каган» тарыхый тасмасы тартылдыБостериде VII Кыргыз-Орус экономикалык форуму ачылдыОрусия элдеринин достугу университети кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алууну баштады«Бала ырысы» жөлөк пулу июль айы үчүн дээрлик 192 миң балага төлөнөт
Орусиядан 437 кыргызстандык кайтып келди
14.06.2020 | 10:10
14-июнда Москва-Бишкек чартердик каттамы менен 437 кыргызстандык кайтып келди, арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
Орусиядан кайткандардын тизмесин атайын комиссия түзгөн. Тизмеге төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы зарыл болгон жарандар кирген.
Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.
Кыргзстандын өкмөтү бардык мекендештерибизди мекенине кайтаруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканы айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом