«Тез балык жай балыкты жутат»: МинКабдын мурдагы башчысы Борбордук Азиядагы чакырыктар тууралууКРде жасалма интеллекттин жардамы менен «Барсбек Каган» тарыхый тасмасы тартылдыБостериде VII Кыргыз-Орус экономикалык форуму ачылдыОрусия элдеринин достугу университети кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алууну баштады«Бала ырысы» жөлөк пулу июль айы үчүн дээрлик 192 миң балага төлөнөтКазакстанда тойдогу талаштуу тост үчүн кылмыш иши козголду
14-июнь: Кыргызстанда дагы 78 адамдан коронавирус чыкты
14.06.2020 | 10:18
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 78 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 14-июнда коронавирус менен күрөшүү үчүн түзүлгөн Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, илдетти жуктуруп алгандардын көбү Бишкек шаарында – 50 адам;
Чүй облусунда —13;
Ысык-Көл облусунда —2;
Нарын облусунда —3;
Жалал-Абад облусунда —5;
Баткен облусунда —5.
Соңку суткада коронавирус жуктуруп алып дарыланып жаткан 69 бейтап айыгып үйлөрүнө чыкты.
14-июнга карата өлкөдө жалпы 2285 адам коронавирус жуктуруп алган.
Илдеттен 27 бейтап каза болсо, 1791 бейтап ооруну жеңген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом