Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
14-июнь: Кыргызстанда дагы 78 адамдан коронавирус чыкты
14.06.2020 | 10:18
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 78 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 14-июнда коронавирус менен күрөшүү үчүн түзүлгөн Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, илдетти жуктуруп алгандардын көбү Бишкек шаарында – 50 адам;
Чүй облусунда —13;
Ысык-Көл облусунда —2;
Нарын облусунда —3;
Жалал-Абад облусунда —5;
Баткен облусунда —5.
Соңку суткада коронавирус жуктуруп алып дарыланып жаткан 69 бейтап айыгып үйлөрүнө чыкты.
14-июнга карата өлкөдө жалпы 2285 адам коронавирус жуктуруп алган.
Илдеттен 27 бейтап каза болсо, 1791 бейтап ооруну жеңген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом