Ош шаарынын башкы планы иштелип чыгатОш шаарында бузулган базардын ордуна парк курулат«Бул эмне тешик?» Кара-Кулжада Жогорку соттун төрагасынын сынынан кийин сырттагы ажаткана алмаштырылатПарламенттик шайлоо: 34 чет мамлекетте 100 шайлоо участогу ачылатӨкмөт башчы менен ЕРӨБдүн вице-президенти энергетика, инфраструктура боюнча долбоорлорду ишке ашырууну талкуулаштыТИМ башчысы ТүркПАнын жаңы дайындалган баш катчысы менен жолукту
“Замандаш” менен “Республика” партиясы парламенттик шайлоого бирге аттанат
18.06.2020 | 15:23
“Замандаш” саясий партиясы менен “Республика” партиясы биригип жатышат. Алар күздө боло турчу парламенттик шайлоого бирге аттануу үчүн учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.
Учурда эки партиянын лидерлери кандай программа жана ураан менен чыга турганын талкуулап жатканы айтылды. Алардын биригүүсү тууралуу расмий маалымат 2 же 3 күндөн кийин таратылат.
Буга чейин “Ата Мекен” партиясынын алдына бир нече саясатчылар жана партиялар биригишкен. Шайлоого чейин дагы биригүүлөр болушу мүмкүн.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат