Казакстанда 20-июндан тарта кайрадан карантин киргизилет

Казакстанда 20-июндан тарта кайрадан карантин киргизилет

Казакстанда коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу Алматы, Нур-Султан, Караганды, Чымкент, Павлодар жана Экибастус шаарларында чектөө чаралары күчөтүлөт.

20-21-июндан тартып бул шаарларда соода борборлору, базарлар, парктар, аквапарктар, суу жээктери, фитнес-борборлор жабылып, коомдук транспорттун ишине чектөө кирет. Кафе-ресторандар ачык асман алдында иштейт, кардарлар арасында аралык сакталууга тийиш,

Жашоочулардын саны 50 миң кишиден ашкан бардык шаарларда жашы 65тен жогору кишилердин көчөгө чыгышына чектөө киргизилет.

Алматы, Нур-Султан, Караганды, Чымкент, Павлодар жана Экибастус шаарларынын кире беришине кайрадан блокпосттор орнотулат.

Казакстанда 16-мартта киргизилген карантин май айынын аягына чейин өкүм сүргөн. Июнда гана блокпосттор алынып, бизнес толук кандуу иштей баштаган.

Чектөөлөр алынгандан кийин коронавирус жуктурган кишилердин саны кескин түрдө көбөйгөн. Кээ бир күндөрү вирус 1000ге чукул адамдан табылган. Ал ортодо өлкөдө аткаминерлер да жапырт илдетке кабылганы маалым. Бүгүн эле мурдагы президент Нурсултан Назарбаевден вирус аныкталганы белгилүү болду. 18-июнга карата Казакстанда жалпысынан 22 миңден ашуун киши илдет жуктуруп алды, өлгөндөрдүн саны 100гө жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>