Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
“Замандаш” менен “Республика” партиясы парламенттик шайлоого бирге аттанат
18.06.2020 | 15:23
“Замандаш” саясий партиясы менен “Республика” партиясы биригип жатышат. Алар күздө боло турчу парламенттик шайлоого бирге аттануу үчүн учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.
Учурда эки партиянын лидерлери кандай программа жана ураан менен чыга турганын талкуулап жатканы айтылды. Алардын биригүүсү тууралуу расмий маалымат 2 же 3 күндөн кийин таратылат.
Буга чейин “Ата Мекен” партиясынын алдына бир нече саясатчылар жана партиялар биригишкен. Шайлоого чейин дагы биригүүлөр болушу мүмкүн.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат