Баткен облусунда 250 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулатБишкекте Алматыдагыдай бирдиктүү микромобилдүүлүк оператору иштей башташы мүмкүн. Бул эмнени билдиретКендирбаева: 200 мектеп мугалими Москвада стажировкадан өтүп жататКыргызстанда салык органдарына отчёт берүүгө милдеттүү болгон коммерциялык эмес уюмдардын тизмеси кеңейтилдиМыйзамсыз лотереяларды өткөргөн интернет-платформалар аныкталдыКыргызстан тамеки экспортун көбөйтүүдө
30-июнда Кыргызстанда дагы 279 адамдан коронавирус табылды
30.06.2020 | 09:41
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 279 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 30-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында —182 адам. Ош шаарында 1, Чүй облусунда 36, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 10, Ысык-Көл облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 18, Баткен облусунда 9, Талас облусунда 15 адам.
Акыркы сутка ичинде 76 бейтап айыгып үйлөрүнө чыкты.
30-июнга карата өлкөдө жалпы 5 миң 296 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 2 миң 370 адам илдеттен айыккан. Оорудан улам 50 адам каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом