Бишкекте XX эл аралык «ОЙМО-2026» фестивалы башталдыБишкекте 28-майда «Китепкана түнү» маданий иш-чаралары өтөтДмитрий Бивол Кыргызстандагы F1H2O дүйнө чемпионатынын расмий амбассадору болдуБританиянын жаңы санкциялары Кыргызстанга эмнеси менен коркунуч туудурат?«Кыргызстан эл аралык маселелерди чечүүдө салым кошууга даяр»: Жээнбек Кулубаев БУУда сөз сүйлөдүЖапаров Кытайдын жогорку өкүлү менен саламаттыкты сактоо жана гуманитардык кызматташтыкты талкуулады
30-июнда Кыргызстанда дагы 279 адамдан коронавирус табылды
30.06.2020 | 09:41
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 279 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 30-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында —182 адам. Ош шаарында 1, Чүй облусунда 36, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 10, Ысык-Көл облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 18, Баткен облусунда 9, Талас облусунда 15 адам.
Акыркы сутка ичинде 76 бейтап айыгып үйлөрүнө чыкты.
30-июнга карата өлкөдө жалпы 5 миң 296 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 2 миң 370 адам илдеттен айыккан. Оорудан улам 50 адам каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом