ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы жакынкы эки жылда орточо эсеп менен 2,5%га өсөт — ЕЭК отчету“Бир досум кетсе, артымда 7 млн досум бар”. Садыр Жапаров Ташиев экөөнүн мамилеси тууралуу суроолорго жооп бердиКыргызстан жапон бизнесине энергетика, инфраструктура жана агросекторго инвестиция салууну сунуштадыЖКда соңку саясий окуялардан кийин айрым кылмыш иштерин кайра кароо маселеси көтөрүлдүКыргызстанда маданиятты өнүктүрүүгө 500 млн сомдон ашык каражат бөлүнөт«Газпром Кыргызстан» карызды туум эсептебестен төлөө мөөнөтүн майдын аягына чейин узартты
30-июнь: Кыргызстанда 7 киши коронавирустан каза болду
30.06.2020 | 09:50
Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Бейтаптар төмөнкү аймактарда каза болгон:
Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (55 жашта эркек киши, 76 жаштагы эркек киши);
Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 2 (70 жаштагы аял киши, 49 жаштагы аял киши);
№2 Клиникалык төрөт үйүнөн – 1 (27 жаштагы аял киши);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (44 жаштагы эркек киши);
Кыргыз-Түрк-достук ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши).
Жалпы каза болгондордун саны 57 кишиге жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом