Кыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалдыBinance’тагы хакердик чабуулдан кийин жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталдыБир нече айга гана жетти: Айтматов — Толстой көчөлөрүндөгү жаңыланган каптама түшүп жатат
30-июнь: Кыргызстанда 7 киши коронавирустан каза болду
30.06.2020 | 09:50
Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Бейтаптар төмөнкү аймактарда каза болгон:
Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (55 жашта эркек киши, 76 жаштагы эркек киши);
Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 2 (70 жаштагы аял киши, 49 жаштагы аял киши);
№2 Клиникалык төрөт үйүнөн – 1 (27 жаштагы аял киши);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (44 жаштагы эркек киши);
Кыргыз-Түрк-достук ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши).
Жалпы каза болгондордун саны 57 кишиге жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом