Өзгөн РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалдыGPS жана видеокамера менен жабдылган. ЖКККББга жаңы автоунаалар тапшырылдыСабап, байлап, акчасын тартып алышкан. Бишкекте каракчылык окуясы болдуКечээ гана ачылган Лев Толстой көчөсүн суу каптады: Мэрия түшүндүрмө берди230 миң доллар! Кыргызстандагы футбол турнирлеринин байге фонду көбөйдүТокмоктогу каргаша. Балдардын укуктары боюнча өкүл комментарий берди
Бишкекте 30 жаштагы адам курулуп жаткан имараттан кулап каза болду
17.07.2019 | 16:46
“Айчүрөк” соода борборунун артына курулуп жаткан имараттан кулаган 30 жаштагы жаран каза болду. Бишкек шаардык милициядан кабарлагандай окуя 12-июль күнү болгон.
Маалыматта айтылгандай, жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан ал алган жараатынан улам каза болгон.
Шаардык милиция бул фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар