Бишкекте 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы ИИМ башчысынын көзөмөлүндөБишкек менен Ошто майып балдар үчүн стоматология бөлүмдөрү ачылдыМинистрлик мектептерде стоматология бөлмөлөрүн ачуу пландоодоЖогорку Кеңешке шайлоо. Каирде биринчи жолу шайлоо тилкеси ачылатОш шаарында таза суу бир суткага өчүрүлөтЧүйдөгү №2 аялдар абагындагы кемчиликтер жоюлуп, шарттар жакшыртылды
Канат Исаевдин апасы каза болду
05.07.2020 | 09:13
“Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаевдин апасы Асымбүбү Ташыбаева 79 жаш курагында дүйнө cалды. Бул тууралуу партия өкүлдөрү кабарлашты.
Асымбүбү Ташыбаеванын сөөгү 2020-жылдын 6-июлунда саат 10.00до Чүй районунун Кошой (Калиновка) айылында коюлат.
Асымбүбү Ташыбаева 1941-жылы, 12-майда Нарын облусунун, Ак-Талаа районунда туулган. Өмүрүнүн соңуна чейин мугалимдик кесипти аркалап, 50 жылдан ашык физика-математика сабагынан балдарга билим берген.
Асымбүбү Ташыбаева “Баатыр эне” ордени менен сыйланган, эл агартуучунун төш белгисине ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими наамына татыган. Артында 7 баласы, 23 небереси, 14 чөбөрөсү калды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом