Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 361 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 9-июлда Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан: Бишкек ш. – 150;
Чүй облусу — 59;
Ош ш. — 43;
Ош облусу — 28;
Жалал-Абад облусу — 25;
Баткен облусу — 20;
Ысык-Көл облусу — 17;
Нарын облусу — 18;
Талас облусу — 1.
9-июлга карата өлкөдө жалпы 8 миң 847 адам коронавирус жуктуруп алган.
Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 70 – бейтап. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 3 миң 53 бейтап айыкты.