Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов каза болду
10.07.2020 | 23:08
Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан (Муфтият) кабарлашты.
Маалым болгондой, ал кант диабети менен ооруп жүргөн. Маркумдун сөөгү эртең, 11-июлда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Өрүк-Зар айылында жерге берилет.
Садридин ажы Маджитов дин тармагында өз өмүрүн арнап, бир топ аалымдарга өзүнүн өрнөктүү билимин берген.
Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Садридин ажы үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом