Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы салтанаттуу түрдө Татарстанга өткөрүлүп берилдиАдылбек Касымалиев: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити Кыргызстандын кудуретин жана дараметин көрсөттүКыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы командалык эсебинде жеңүүчү болду«Мадина» базарында өрттөн аман калган кездемелер 50 сомдон сатылып, дуба үчүн таратылуудаКөчмөндөр оюндарында салбуурун боюнча жеңүүчүлөр аныкталдыШакира «Бишкек Аренада» концерт берет — Президенттин иш башкаруучусу
Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов каза болду
10.07.2020 | 23:08
Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан (Муфтият) кабарлашты.
Маалым болгондой, ал кант диабети менен ооруп жүргөн. Маркумдун сөөгү эртең, 11-июлда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Өрүк-Зар айылында жерге берилет.
Садридин ажы Маджитов дин тармагында өз өмүрүн арнап, бир топ аалымдарга өзүнүн өрнөктүү билимин берген.
Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Садридин ажы үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом