“Көчмөн модасы фестивалы. МУУН 2025” 30-31 октябрда өтөтТокмокто технохаб курулат: Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital меморандумга кол койду«Телеграм» аркылуу ИГИЛ уюмуна тартылган кыргызстандык жаран кармалдыКыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына барды
Ошко Москвадан 301 кыргызстандык кайтып келди
23.07.2020 | 10:46
“Москва — Ош” чартердик каттамы менен Кыргызстандын 301 жараны Ош шаарына кайтып келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси мекендештердин жеке арыздарынын негизинде түзүлгөн. Ага негизинен студенттер, боюнда бар жана жаш балдарын колуна кармаган аялдар, оорулуулар, жакындарын жоготкондор жана турмуштук катаал кырдаалга кабылган жарандар келди.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери 60ка жакын чет өлкөдөн келе албай калган 30 миңге жакын кыргызстандык жаран мекенине жеткирилген. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келинген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом