Кыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттүБишкекте жигиттер мушташып, аларды милиция кармады
Бишкекте стационарларга кайрылган жарандардын саны азайуда
27.07.2020 | 15:30
Бишкекте күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандардын саны күн сайын азайуда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы суткада шаардагы 13 күндүзгү стационар 1 миң 688 кишини кабыл алды.
“1 688 киши ооруканага жаткырылды. 27-июлга караган түнү түнкү стационарларга 357 киши кайрылган. 27-июлга карата күндүзгү стационарлар 72 миң 4 кишини кабыл алса, түнкү санитардык бөлүмгө 6 644 бейтап кайрылган”, — деп айтылат мэриянын маалыматында.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Бишкекте 14 миң 861 адамдан коронавирус аныкталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом